Коом

Кыргыз-түрк ооруканасы качан ачылары айтылды

Коронавирус жуктургандардын саны жогорулап, стационарларда бейтаптар толуп калган учурда Кыргыз-түрк «Достук» ооруканасын ачабыз.

Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында саламаттык сактоо министринин орун басары, өлкөнүн башкы санитардык дарыгери Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Анын айтымында, оорукананы ачуу оорулардын санына жараша болот.

«Биз башка стационарларыбыз толуп, ооруларды кабыл алганга мүмкүнчүлүк болбой калганда ал оорукананы ачууга даярбыз. Ал жерде иштей турган медкызматкерлер бекитилген. Медкызматкерлер «Достук» ооруканасына кайсы обсервациядан барып иштей турганы да такталган. Оорукананын бүгүн же эртең ачылып иштегенге шарты бар», — деди Үсөнбаев.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button