Вирусолог дарыгер Надежда Жолобак «Вечерний Москва» гезитине берген маегинде коронавирус үчүн коркунучтуу дарыларды атады.

Бул препараттарга: аспирин, волтарен, диклофенак жана напроксен кирет. Дарыгердин айтымында, Франция жана Италиянын изилдөөчүлөрүнүн тажрыйбасы көрсөткөндөй, бул дары-дармектер организмдин вирусту ого бетер бат кабыл алуусуна шарт түзөт «, — деди Жолобак.

Анын айтымында, бул дары-дармектер коронавируска пайдалуу шарт түзүп, инфекцияны өпкөгө жайып, пневмонияга алып келет. Ошону менен бирге, ал дене табы көтөрүлгөндө кадимки парацетамолду колдонуу да кооптуу экенин айтты. Анткени препараттын коронавируска таасири толугу менен аныктала электиги менен түшүндүрдү.