Жел болбосо чөптүн башы кыймылдабайт. Баардык чыккан кептер, козголгон иштер, тинтүүлөр жөндөн-жөн чыкпайт да. Жан талашып адвокат салып актанганы менен УКМК оюнчук эмес да кымындай иш үчүн тинтүү жүргүзгөндөй. Калича Умуралиева баягы өзүнүн көз боемочулук адатына салып, элдин башын айлантууга аракет жасоодо. Буга чейин ал адвокаты экөө курулуш компанияларын шантаж кылып келген. Эгерде компаниялар ага акча төлөбөсө, анда ал компанияга каршы митингдерди уюштурган. Алар үйлөрдү курууга жасалма тоскоолдуктарды жаратышкан. Эрик азыр анын адвокаты болуп алганын себеби да ушул.

Мындан тышкары, Эриктин офиси мамлекеттик имаратта жайгашкан, анда ал бул уюмдун кызматкерлерине пара берип, курулуш компаниялары жөнүндө маалымат алып турган. Ал эми кечээки козголгон иш боюнча, Панфилов паркынын директору Дмитрий Петров кызматкерлер сейил бактын административдик имаратына келип, тергөө иш-чараларын жүргүзүп жатышат. «Мен анын чоо-жайын билбейм» деген. Кийинчерээк Калича Умуралиеванын адвокаты Эрик Ирискулбеков анын кардары кармалган эмес деп билдирди. Албетте, адвокаттын милдети актоо болгон соң, анын үсүтүнө табакташын кантип кылмышка түртмөк эле, актанаары бештен белгилүү эмеспи. 80 миң сом алган парасы ачыкка чыгып, тинтүү учурунда табылып атса да Калича айым актануу менен алек болууда. Сагызган сактыгынан эмес суктугунан өлөт деген. Актанып атып артында башка былыктары ачылып калмай болду.

Анткени укук короочулар, чет элден грант алып көнгөндөр адатынча Калича айымды коргоп кирди. Алардын бири Маалымат чындыкка дал келбейт деп «Наше право» коомдук фондунун өкүлү Светлана Антропова Фейсбук баракчасына билдирүү таратты. » Калича Умуралиева кармалган жок, ага карата кылмыш иши козголгон жок жана ал күбө катары түшүндүрмө берди. Пара деп айтылган акчалар түзүлгөн келишимге ылайык «Шаар парктары» муниципалдык ишканасынын кассасына төлөнгөн. Төлөмдүн дүмүрчөгү бар. Андыктан «урматтуу буюртмачылар», силердин идеяңар ишке ашпай калды. Калича Умуралиевага тишиңер өтпөйт», — деп жазган Светлана Антропова. Ага улай эле Умуралиева да социалдык баракчасына кыскача билдирүү калтырды.

«Мен үйдөмүн. Баарыңыздарга ишеним артып, колдогонуңуздар үчүн рахмат! Сейил бактардагы соода-сатыктарды токтотоюн, мыйзам жолуна коёюн деген элем», — деп жазган жарандык активист. Таң калыштуусу жарандык активисттер пир туткан Калича Умуралиева деген ким, кандай болуп бул кызматка келген? Эмне үчүн жарандык активистер жан тартып коргоп жатат. Төбөсү көрүнгөн саясатчы болсо да мейли эле, буюртма бердиргендей. Экинчиден паркта бир канча жылдан бери бал муздак, таттуулар менен оюнчук сатып жөнөкөй эл оокатын өткөрүп келет. Калича айымдын сөзүнө таянсак, “Сейил бактардагы соода-сатыктарды токтотоюн, мыйзам жолуна коёюн деген элем” — демиш болуп, элдин оокатын тартып алуу болуп жатабы көздөгөнү.

Анткени, соода кылгандар ижара акысын төлөшөт да. Бишкек шаарынын мэриясы 2019-жылдын 28-майында Умуралиеваны “Шаар парктарынын” директору кызмат ордуна дайындаган. Ошол мезгилде ал «Наше право» коомдук фонду шаардагы бардык жашыл зоналарды, парктарды иликтеп чыктык, биздей эч ким парктардын көйгөйүн билбейт деген эле. Кызыгы бул коомдук фонд эмне үчүн парктарга жабышып алганы. Балким алар көз астына алып, көксөгөнү ишке ашпай калдыбы. Коомдук уюмдар ушинтип айыбы ачылып калганда айгай салып чыкканга көнүп алганбы. Мындай фондор элге күйсө эмнеге карантин кезинде муктаж болгондорго, кыйналган элге жардам берген жок? Мындай уюмдар буга чейин деле айгай салып ак үйдүн астында митинг уюштуруп келгенден башкага жараган эмес эле.