2020-жылдын 28-майында УКМК тарабынан ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, Ош областында, коңшу өлкөдө укук коргоо органдары тарабынан экстремисттик мүнөздөгү кылмыштар боюнча издөөдө жүргөн, «Хизбут-Тахрир» диний-экстремисттик уюмунун (ДЭУ) активдүү мүчөсү, 1971-жылы туулган М.И. кармалды. Бул тууралуу аталган мекемеден билдиришти.

Такталган боюнча. М.И. «Хизбут-Тахрир» ДЭУ эл аралык медиа борборунун активдүү мүчөсү болгон жана Борбор-Азия аймагына экстремисттик материалдарды жайылтууга жоопту болгон.

Кармалган адамдын жашаган жерин тинтүү учурунда ноутбук, интернет-модемдер, уюлдук телефондор жана сим-карталар табылып алынды.

Бул материалдар сотко чейинки өндүрүштүн негизинде КР Кылмыш-жаза кодексинин 303-беренесинин 2-б, 2-п (Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор ортосундагы кастыкты (араздашууну) козутуу) фактысы боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.

Кармалган адам КР УКМК Тергөө камак жайына киргизилди.

Азыркы убакта кармалган адамды мындан нары кылмыш жоопкерчилигине тартуу үчүн, белгиленген тартипте шериктеш компетенттүү органдарынын өкүлдөрүнө өткөрүп берүү боюнча маселеси каралууда.