New York Times басылмасынын билдирүүсү боюнча Ак үй алдында болуп жаткан баш аламандыктардан улам АКШ Жашыруун кызматынын агенттери президент Дональд Трампты жер алдындагы бункерге түшүрүүгө аргасыз болушту.

Жорж Флойддун өлүмүнөн кийин башталган баш аламандыктарга шаар полициясынын алы жетпей калган жана нааразылык акциясынын катышуучулары көзүнө көрүнгөн нерселердин бардыгын талкалап жүрүп отурушуп, Ак үйгө жетишкен. Натыйжада, 60 офицер жана АКШ Жашыруун кызматынын атайын агенттери жабыркаган. Мына ушундан соң жашыруун кызмат Трампты жер алдындагы бункерге түшүрүүгө аргасыз болушкан.

Президенттин кеңешчилери жашыруун кызмат тарабынан кабыл алынган мындай чарага «Президент менен анын үй-бүлөсү айран таң калып жаткандыгын» айтышкан. CNN телеканалынын билдирүүсү боюнча Президент бункерде болгону бир саат отуруп чыккан.