Эзелтеден коңшу жашаган эки элде чыккан чырдан Кыргыз- Өзбек ортосунда Кадамжайдагы Чечме айылында суу талаштан эки тараптан тең адамдар жабыркады. Албетте, мындай жаңжалды токтотуу үчүн ортодо чек арачылар, эки элдин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү жер-шартынын тарыхын мыкты билгендер отуруп алып чечиши керек. Ооба, дал ушундай ыйгарым укуктуу өкүлдөр жана жергиликтүү элге сөзү өткөн аксакал, көксакалдар чечиш керек.

Себеби, алар эки жактын тең талаптарын, кызыкчылыктарын жана максаттарын жакшы билишет, жакшы түшүнүшөт. Бул жерде кара кылды как жарган калыстык кылышпаса, арты дагы кейиштүү окуялар менен бүтүшүн жакшы түшүнүшөт.

Анан ортодон элди бетке кармап, чечип коюш керек болчу, антип коюш керек болчу, минтип коюш керек болчу деген түзүлгөн кырдаалды өз кызыкчылыгына пайдаланган эргулдар чыгаары бышык деп оозду жыйганча популист Камчыбек Ташиев койкоктоп чыга калды. Ансыз да чыңалып турган абалга отко май чачкандай кылып шыкактап, үгүттөп, эч нерсени ойлобой туруп эле көнгөн адатынча урдуруп пост жаза баштады.

Аты Камчыбек болсо эле камчы чаап, Ташиев болсо эле таш ыргытып маселе чечип жиберчүдөй болуп, араң турган элди кайра тескери үгүттөйт. Адыраңдагандын да чеги болуш керек. Бул жерде өтө кылдаттык кылбаса эки мусулман элдин ынтымагына доо кеткени турат.

Бул жер ага Акүйдүн шиш тосмосун аттай калып, көчүгүн шишке илдирип, будуң-чаң кылчу жер эмес. Чек арадан талаш чыктыбы, буга чебер дипломаттык жөндөм талап кылынат. Бир сөз ашыкча сүйлөнгөнү үчүн Чечмедеги булактан чыр чыкты. «Чымчыкты сойсо да, касапчы сойсун» деген кеп бар. Дипломаттардан, жергиликтүү бийликтин жана ошол жердеги көптү көргөн аксакалдардан башкабыз тилибизди тишке катып отура турушубуз керек. Анын ордуна, бийликти жекирип, жергиликтүү элдин каны кызуу балдарын дүргүтүп, чече албасаңар билгендерге бергиле деп жалаң чагымчыл сөздөрдү сүйлөп отурат. Сүйлөп-сүйлөп жылуу-жумшак отуруп калат же бир- эки күн жергиликтүү элдин көңүлүн алып жүрүп кайра, Жалал-Абадына же Бишкекке кетип алат. Ал эми дагы далай кылым жашачу эки кошуна эл калып калат.

Мындай саясатчылардын бир кенедей сөзү менен бардык сүйлөшүүлөргө доо кетип, чыккан талаш өмүрү чечилгис чырга айланбасын. Жөнү жок дардалаңдаган Ташиевди тыйып койчу бирөө жарым барбы өзү? Болбосо ойлонбой сүйлөгөн Ташиевдин сөзүнөн дагы от чыгып кетпесин.