Лондон шаардык полиция башкармалыгынын билдирүүсү боюнча жалпы жолунан Жорж Флойдду эскерүү акциясына катышып жатышкан 23 адам камакка алынган.

Буга чейин беш адамдын кармалгандыгы тууралуу айтылган. Билдирүүдө камакка алынгандардын бардыгы ар кандай тартип бузууларга барышкандыктары айтылат.

Белгилей кетсек, өткөн жумада полиция кызматкери тарабынан кара денелүү Жорж Флойд атуу адам өлтүрүлгөндөн кийин АКШнын борбору Вашингтон жана башка бир катар ири шаарларда болуп жаткан нааразычылык акциялары эми Европа мамлекеттерин кучагына тартуу коркунучу менен коштолууда.