Мансурова Эркебү Президент Сооронбай Жээнбековдун белегин алды. Белекти Ош облусунун башчысы Узарбек Жылкыбаев тапшырды. Мындан сырткары кичинекей Эркебүго райондун акими, айыл өкмөтүнүн башчысы тарабынан да белектер, шириндиктер берилди. Бул тууралуу өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн маалымат кызматынан билдиришти.

7 жаштагы Эркебү Ош облусунун Өзгөн районунун Ана-Кызыл айылынын жашоочусу. Апасы төрөттөн каза болгон атасы миграцияда, кабарлашпайт, дайынсыз.

Өлкө башчысынын атынан ноутбук алган Эркебү кубанычтан көзүнө жаш алып, мыкты окуп мугалим болуп, балдарды окутуу максатын билдирди. Таенеси менен таенеси талаа жумуштары менен алектенгенде Эркебү кичинекей бөлөсүн карап жардам берет. Эми ноутбуктан бөбөгүмо тамга үйрөтөм деген кызга өкмөт өкүлү вай- фай роутер берип жиберерин убада кылды.