Балдарды коргоо күнү жай мезгилинин биринчи күнүнө туш келип, дүйнө жүзү боюнча 1950-жылдан тарта белгиленип келет. Бул күн коомдогу балдардын ордун көрсөтүп, алардын жашоо деңгээлине көңүл буруп, ден-соолугун жана укуктарын коргоого чакырат. Бул тууралуу Улуттук статкомунун басма сөз кызматынан билдиришти.

2020-жылдын башына карата Кыргыз Республикасында курагы 18 жашка толо элек 2 млн. 456 миң бала катталган, анын жарымынан ашыгы (51%) эркек балдар. 2019 жылга салыштырмалуу 75 миң балага же 3%га көбөйгөн.

Ушул жылдын башында катталган жалпы балдардын:

  • 45%- 7 жашка чейинки бөбөктөр (1 млн. 115 миң адам);
  • 42% — 7-14 жашка чейинки өспүрүмдөр (1 млн. 30 миң адам);
  • 13% — 15-17 жаштагы өспүрүмдөр (311 миң адам).

Балдардын көпчүлүгү (68%) айыл жергесинде жашайт.

2019-жылы 174 миң бала төрөлгөн, анын 89 миңи эркек балдар болсо, 85 миңи кыздар, башкача айтканда кыздарга караганда балдар көбүрөөк төрөлгөн.

2019-жылы жаңы төрөлгөн ымыркайлардын 22%нын энелери расмий никеде турган эмес. Белгилей кетсек, соңку жылдары ислам дининин шартына ылайык баш кошуу күч алып, расмий никеге турууга көңүл бурулган эмес. Андыктан никесиз энелерден төрөлгөн балдардын айрым бөлүгү иш жүзүндө ата-энеси бар экени аныкталган, жаңы төрөлгөн ымыркайлардын 51% ата-энесинин арызы менен катталган. Ал эми 49% энесинин гана арызы менен катталды, бул үй-бүлөдө бала атасыз чоңоёронунан кабар берет.

Балдар арасында ооруу-сыркоону азайтуу максатында өлкөдө эмдөө иш-чаралары жүргүзүлөт. 2019-жылы арасында кургак учукка каршы эмдөөгө жашы 1 жашка чейинки балдардын 96,4% катышкан, көк жөтөл, дифтерия жана столбняк же тарамышы тырышып калуу ооруусуна каршы 94,3% ымыркайлар эмделди, кызылча, эпидемиологиялык паротит жана краснуха ооруларына каршы эмделгендердин саны 97,2%.

Кыргызстанда 2019-жылдын аягына карата 96 миң социалдык жактан корголбогон, абалы оор үй-бүлө катталып, анда 309 миң бала жашаган.