Кыргызстанда коронавирус илдети тарагандан бери мечиттер жабык бойдон турат. Азыркы күндө көпчүлүк мекмелердин иштешине уруксат берилген. Ал эми мечиттердин качан ачылаары тууралуу өкмөт эч кандай билдирүү тарата элек. Муфтият бүгүн, 1-июнда мечиттер качан ачылаарын тууралуу билдирүү таратты.

Урматтуу мусулман бир туугандар, достор, эжекелер жана карындаштар!

Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгы жана Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар Кеңеши
мусулмандардын башында турган жоопту мекеме болгондон кийин мечиттердин ачылуусу боюнча буга чейин эле тиешелүү мекемелерге атайын кат аркылуу кайрылып келген жана кайрылып келет. Мамлекетибиз тарабынан этап этабы менен ачылган жайлар (базар, цехтер ж.б) учурунда дагы мечиттердин ачылуусу боюнча дайыма өзүнүн сунуштарын берип келген. Бул жаатта КМДБ өзүнө тиешелүү болгон бардык милдеттерди так аткарган. Буюрса мечиттердибиздин ачылуусуна аз калды. Сабыр кылып, мамлекетибизде бул оорунун жок болушу жана ооруп калган мекендештерибиздин тез сакайып кетүүсү үчүн дуба кылалы!

Учурда Муфтият тарабынан мечиттерде карантиндин эрежелерин сактоо боюнча атайын тартиптер иштелүүдө. Мечиттерибиз ачылып калса жарандарыбыздын ден соолугу жана коопсуздугу үчүн бардык аракеттер көрүлүүдө.

Андыктан дагы бир жолу сабыр кылууга чакырам!