Өлкөдө кыздарга салыштырмалуу эркек балдар көп

2020-жылдын башына карата Кыргызстанда курагы 18 жашка толо элек 2 миллион 456 миң бала катталган. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинен кабарлады.

Малыматка ылайык, 2 миллион 456 миң баланын (51%) эркек балдар. 2019-жылга салыштырмалуу 75 миң балага же 3%га көбөйгөн.

2020-жылдын башында катталган жалпы балдардын саны:

45%- 7 жашка чейинки бөбөктөр (1 миллион 115 миң адам);

42% – 7-14 жашка чейинки өспүрүмдөр (1 миллион 30 миң адам);

13% – 15-17 жаштагы өспүрүмдөр (311 миң адам).

Ал эми балдардын көпчүлүгү (68%) айыл жергесинде жашайт.

2019-жылы 174 миң бала төрөлгөн, анын 89 миңи эркек балдар болсо, 85 миңи кыздар, башкача айтканда кыздарга караганда эркек балдар көбүрөөк төрөлгөн.