Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Акылбек Осмоналиев онлайн режимде Ысык-Көл районундагы туристтик субъекттердин өкүлдөрү жана айыл өкмөт башчылары менен жыйын өткөрдү

А.Осмоналиев санитардык-гигиеналык нормаларды сактабаган субъекттер жоопкерчиликке тартыларын баса белгиледи.
«Учурдун талабына ылайык жаңы шарттарды сактап иштөө абзел. Биринчи кезекте, санитардык гигиеналык нормалардын аткарылышы шарт»,- деп белгиледи ал.

Учурда Ысык-Көл облусунда 127 пансионат, 7 санаторий, 119 мейманкана, 192 конок үйү, 19 балдар лагери, 13 хостел, 12 эс алуу борбору жана 3 реабилитациялык борбор бар.