Россиянын Түз инвестициялар фондунун маалыматы боюнча, клиникалык сыноолор учурунда “Авифавир” препаратты коронавирус менен ооругандарды дарылоодо ийгилик көрсөттү .
“Афивавир” — бул Россиядагы коронавируска каршы катталган биринчи дары гана эмес, дүйнөдөгү эң келечектүү анти-COVID-19 препараты. Аталган препарат Россиядагы клиникалык сыноолор учурунда иштелип чыккан жана сыналган, бул анын дүйнө жүзүндөгү Фавипиравирдин негизинде катталган биринчи дары экендигине өбөлгө түздү, «-деди Россиянын Тике инвестициялар фондунун башкы директору Кирилл Дмитриев.
Аталган дарыны кош бойлуу кезинде жана, үй-бүлө курууну пландап жаткандар үчүн колдонуу кооптуу.
Ошондой эле, бул дары дарыканаларда сатылбайт, аны дарыгердин көзөмөлү менен ооруканаларда гана колдонула тургандыгы айтылды.