Жаш кезде жумуш менен жүрүп көп нерсени элес албай коюпмун. Азыр пенсияга чыгып, кемпиримдин колунан чай ичип, небере жыттап отуруп калдым. Бирок, тээ жүрөк түпкүрүндө эч ким билбеген, сезбеген бир сыр катылып жүрөт. Мен учкуч болуп иштедим. Асман аралап, жебедей сызып, жылдыздар менен жанаша учкан күндөрдүн даалайы артта калды. Бир жолу бизге практикага айдай сулуу, стюардесса келди. Одессага жеткенче таанышып сүйлөшүп бардык. Ал кезде менин аялым,эки кызым бар болчу. Биз менен чогуу алты ай иштөөгө келишим түзүп, бортто чогуу учуп жүрдүк. Тамашакөй, арык чырай узун бойлуу ак жуумал периште учактын ичинде ийиле басып, элдерге чай сунат. Бир ирет Москвага учуп, аба ырайы бузулуп мейманкада бир күн калып калдык. Ал учурда жашоомдогу эң таттуу көз ирмемдер өткөн экен. Ал кыздын биздин компания менен түзгөн келишими бүтүп, башка жакка которулуп кетти. Канчалаган өлкөлөргө учтук, көп ирет издедим негедир көрбөй койдум. Ал кезде азыркыдай кол телефон кайдан. Өзү берген дарек боюнча издеп барсам ал жерден көчүп кетиптир. Күндөр өтө берди. Түшүмө коп ирет кирди.Бир жолу мага кооз шуру көрсөтүп сенден белек деди. Чоочуп ойгондум. Жанымда бышылдап жубайым уктап жатат. Коендой окшош күндөр өтүп, кыздарым чоңоюп, кичүүсү ата стюардесса болом деп калды. Каршы болгон жокмун. Окуусун аяктаганда Москвага бардык, окууга өтүү үчүн англис тилин үйрөнүп, аябай даярданганбыз. Кызым маектешүүгө кирип, көздөрү жайнап күлүп чыкты. Коммиссияда сүйкүмдүү эже бар экен, менин документтеримди карап аябай жылуу кабыл алды деди. Жакшы болду өткөнүң кызым деп куттуктап эшиктен чыгып баратсак, коңур үн атымды айтып чакырды. Карай калсам мен жоготкон периштем турат. Көрсө ушул окуу жайда иштеп, студенттерди кабыл алып жатыптыр. Кызымдын документинен аты жөнүн окуп, менин кызым экенин жазбай тааныптыр. Сөз арасында кечинде жолугуп, ресторандан чай ичүүгө келиштик. Ошентип кечинде мен кызым менен ал да кызы менен келе турган болду. Жүрөгүм уйгу-туйгу. Убакыт өтпөйт. Акыры кызым экөөбүз ээрчишип ресторанга кирдик. Бурчтагы столдон кол көтөрүп жаңсаган периштем турат. Анын жанында кудум менин кызымдын көчүрмөсү отурат. Аай периштем, түшүмдө берген шуруң ушул турбайбы, менден кыздуу болгонуңду эмнеге жашырдың экен. Эки кыз бири-бирин карап туруп калышты. Кудум экөөсү эгиздей. Бул жагдай тууралуу апаңа айтпа деп катуу эскерттим кызыма. 50дөн ашканда  үчүнчү кыздуу болдум. Периштем турушка чыгып ажырашкан экен.  Эң башкысы тапканыма сүйнүп, бирок сыртка чыгара албай ичимден эстеп күн өтүүдө. Балким кези келип, ачыкталаар.