Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов Жапалак айылдык аймактык башкармалыгындагы Мээркан айылынын 13 жаштагы жашоочусу Нурбектен кабар алды. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Нурбектин атасы мүмкүнчүлүгүнөн чектелген. Шаар мэри Нурбектин сабак окуусуна шарт түзүү максатында парта, отургуч, телефон, уктоочу керебет, азык-түлүк жана китеп текчесин алып барды.

Шаар башчысы жашоо шарты менен таанышып, жаңы үй салууга 100 миң сом жардам көрсөтмөй болду.
Мэрдин ушундай эле жардамы шаардагы аз камсыз болгон үй-бүлөдөгү 3-класстын окуучусу Анархандын үйүнө да жеткирилип, Анархандын бир туугандары менен жашаган бөлмөсүнө шарт түзүлдү. Анархан 3 бир тууган болуп, апасы жалгыз бой эне.

Шаар башчысы “Бир балага-бир демөөрчү” акциясынын алкагында социалдык колдоого муктаж балдарга каалоочуларды көмөк көрсөтүүгө чакырды.