Беларусияда таажы вирусу  менен 3 миң 600 бала катталган. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары, жергиликтүү  расмий маалыматтарга таянып жазышууда.

Ага ылайык, бүгүнкү күндө аталган өлкөдө жалпы 3 миң 600 бала COVID-19 пандемиясы менен катталган. Алардын көпчүлүгү, тагыраагы, 95 пайызы вирусту белгилери (симптомдору) жок алып жүрүүчүлөр. Балдардын ичинде анчалык көп эмес сандагы орто оор абалдагылары бар.

«Эреже катары бул коштолуучу патологиясы бар, гематологиялык оорулары бар, тилекке каршы, семирүү менен ооруган балдар. Бактыга жараша, оор абалдагылар жокко эсе«, — деген өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрлигинин эне жана балага медициналык жардам бөлүмүнүн адиси Татьяна Бурдь.

Эске салсак, Беларусияда 43 миң 403 адам вирус менен катталса, 240 жаран каза болгон.