Бишкек шаардык ИИББи боюнча МККБнын өздүк курамы балдарды коргоонун эл аралык күнү жаш досторун куттукташып, белектерди тапшырды. Куттуктоо учурунда шаардын төрт районуна бөлүнүп, Жал кичи районунун Балдар интернат үйлөрүнө барып,( ЦСАДД ) “Жаштар демилгеси” фонду менен бирдикте өлкөбүздүн келечеги болгон балдарды майрамы менен куттуктап, тиешелүү топ китептерди жана санитардык гигиенаны сактоо максатында антицептиктерди тартуулашты.

Милициянын кайгуул кызматынын бир бөлүгү Свердлов районундагы Бакай-Ата жаңы конушундагы мүмкүнчүлүгү чектелган жана жалпы эле жаш балдарды автоунаанын атайын үн чыгаруучу каражаты менен куттуктап, атайын МККБнын жетекчиси милициянын майору Алмаз Карыповичтин каржылоосунда жеткирилген 200 даана балмуздакты тапшырышты. Ошондой эле Милициянын кайгуул кызматынын үчүнчү бөлүгү “Военно- Антовка» балдар интернатына барып, балдардын эл аралык күнү менен куттукташты.

Ал эми кайгуул милициясынын төртүнчү бөлүгү Свердлов району боюнча Аламүдүн-1 кичи районунда куттуктоо иш-чараларын улантышты.

Милициянын кайгуул кызматынын Басма сөз кызматы