Чеченстан Республикасынын башчысы бейкүнөө адамдардын өлүмү үчүн АКШ расмий бийлигине карата чара көрүү боюнча Бириккен Улуттар Уюмуна кайрылуу жолдоду.

«Бардык Эл аралык уюмдарга, анын ичинде биринчи кезекте БУУга кайрылам: адам укуктарынын бузулушуна, бейкүнөө адамдардын өлтүрүлүшүнө жол бербөө максатында АКШда болуп жаткан башаламандыктарга кийгилишип, чечкиндүү чараларды кабыл алууга чакырам. Болуп жаткан жапайычылык, адам өлтүрүүлөр, талап-тоноолор боюнча кимдир бирөөлөр, анын ичинде АКШ бийлиги жооп берүүгө тийиш!» —деп жазган Рамзан Кадыров өз Telegram-каналына.

Белгилей кетсек, өткөн жумада полиция кызматкери тарабынан кара денелүү Жорж Флойд атуу адам өлтүрүлгөндөн кийин АКШнын борбору Вашингтон жана башка бир катар ири шаарларда болуп жаткан нааразычылык акциялары бүгүнкү күнү болуп көрбөгөндөй күч алып, башаламандыктар, каракчылык, талап-тоноолор менен коштолууда.