Бүгүн, 2-июндагы Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитеттин кезектеги жыйынында Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын судьялык кызмат орду үчүн сунушталган талапкер каралды.

Отурумда талапкер тууралуу маалымат берген Президенттин Жогорку Кеңештеги ыйгарым укуктуу өкүлү Курманбек Дыйканбаев аталган кызмат ордуна Жамиля Шаршеналиева сунушталып жатканын билдирди.  

Талкуу соңунда комитет мүчөлөрү Жамиля Шаршеналиеванын талапкерлигин колдоду.