Кечээ, Нью-Йоркто  Буффало шаарындагы башаламандык учурунда жол тандабас  полиция кызматкерлеринин үстүнө айдап, эки кызматкерди жарадар кылды, деп билдирет The New York Post.

Окуяга күбө болгондор тарабынан тартылган видеодо жол тандабас унаасы жашынып, бир топ полиция кызматкерлери турган жер аркылуу өтүп бараткан кезде, офицерлердин бири дөңгөлөктөрдүн астына кулап түштү, деп жазат гезит.

Жабырлануучулар Эри округундагы медициналык борборго жеткирилип, абалы туруктуу деп бааланууда.

Райондун башчысы Эри Марк Полонкартстын айтымында, жол тандабастын  айдоочусу жана жүргүнчүлөрү кармалган. Эске салсак, Америка Кошмо Штаттында полиция тарабынан кармалганда каза болгон афроамерикалык Джордж Флойддун өлүмүнөн кийин нааразычылык толкуну башталган. Ал эми, атактуу америкалык мушкер Флойд Мейвезер ,  Жорж Флойдду акыркы сапарга узатуудагы чыгымын төлөөгө даяр экенин айткан, Жорждун жакындары мушкердин бул сунушуна макул болушкан