Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана регламент боюнча комитети 2-июндагы жыйынында «Президентти жана Жогорку Кеңеш депутаттарын шайлоо жөнүндө» мыйзамга сунушталган өзгөртүүлөрдү экинчи окууда карады.

Жыйында депутат Тазабек Икрамов коррупция боюнча соттолгондорду шайлоого катыштырбоо керек деген жобону бул мыйзамга киргизүү тууралуу демилге көтөрдү. Ал өз демилгесин коррупция менен күрөшүү деп түшүндүрдү.

«Коррупция менен бардык жактарда, Жогорку Кеңеште да күрөшүү керек», — деди Икрамов.

Бир катар депутаттар бул сунуш туура эместигин, маселен баласы кетирген кемчиликке атасы жооп бербей турганын билдиришти. Демилге адилетсиз болуп калат деген ойлорун айтышты.