Бүгүн, 2-июнда Кыргызстандагы мектептерде 9 жана 11-класстардын бүтүрүүчүлөрүн мамлекеттик аттестациялоо башталды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти

Билим берүү жана илим министрлигинин убактылуу жобосуна ылайык, ар бир мектепте, кааналарда бардык санитардык эрежелерди аткаруу менен аттестациялоо жүрүп жатат.

Белгилей кетсек, коронавируска байланыштуу быйыл бүтүрүүчүлөрдүн мамлекеттик сынактарды тапшыруу форматы өзгөргөн. Ар бир предмет боюнча комиссия түзүлдү. Комиссия курамы бүтүрүүчүнүн буга чейинки текшерүү, практикалык, лабораториялык иштеринин жыйынтыктарын жана чейректик, жарым жылдык, жылдык жетишүүсүн эске алуу менен жыйынтыктоочу экзамендик бааны коёт.

Жалпы мамлекеттик аттестация 2-июндан 13-июнга чейин беш предметтен өтөт.