Бишкек шаарында мыйзамсыз орнотулган соода күркөлөр алынды. Бул тууралуу мэриясынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Патрис Лумумба, Жибек-Жолу, Абдрахманов көчөлөрүндө жана Аламүдүн-1 кичи районундагы мыйзамыз орнотулган соода күркөлөр жана жарнамалык баннерлер алынган.

“Мэрияга караштуу Жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгы менен “Тазалык” муниципалдык ишканасынын кызматкерлери борбор калаадагы мыйзамсыз орнотулган күркөлөрдү алуу иштерин жүргүзүштү”,-деп айтылат маалыматта.