Жамил Шаршеналиев — Жогорку соттун Конституциялык палатасынын судьялык кызмат ордуна талапкер.
Анын талапкерлигин президенттин Жогорку Кеңештеги ыйгарым укуктуу өкүлү Курманбек Дыйканбаев Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитеттин 2-июндагы жыйынында көрсөттү.
Талкуунун соңунда комитеттин мүчөлөрү Ж.Шаршеналиевдин талапкерлигин колдоду.