Зайырбек Ажыматов атындагы адабий сыйлык “РухЭш” сайты жана “Роза Отунбаеванын демилгелери” Эл аралык фонду тарабынан негизделди. Аталган сыйлык жыл сайын З.Ажыматовдун туулган күнү – 27-майда 35 жашка чейинки жаштар арасынан тандалып алынган бир гана акынга ыйгарылат.

Шарты жана талабы:

Жаш авторлор ырлары, поэмалары менен катыша алышат (25-30 беттен ашпаган 12-тамгалары менен);
Сыйлыкка көрсөтүлгөн чыгармалар мурда эч жерде жарыяланбаган болууга тийиш (соцтармактарда, сайттарда, гезиттерде мурда жарыяланган чыгармасын жөнөткөн авторлордун талапкерлиги дароо четтетилет);
Кабыл алуу комиссиясы – “РухЭш” сайтынын “Казына” адабий эксперттер тобу. Бул топтун мүчөлөрү көркөм талапка жооп берет деген гана авторлордун тандалма ырлар топтомуна өздөрүнүн рецензияларын беришет. Рецензияланган чыгармалар “РухЭш” сайтына жарыяланып (купуялык үчүн ар бир автордун чыгармалары номур менен белгиленет) З.Ажыматов атындагы адабий сыйлыкка көрсөтүлөт.
Сыйлык ыйгаруу комиссиясы жеңүүчү аныкталганга чейин эч бир талапкердин аты-жөнү менен тааныштырылбайт.
“Казына” адабий эксперттер тобунун ачык добуш берүүсү менен эң жогорку упайга татыган автор Зайырбек Ажыматов атындагы адабий сыйлыктын лауреаты деп табылат;
Бул Жобо жарыяланган күндөн тартып сыйлыкка талапкерлердин чыгармалары кабыл алына баштайт.
Кабыл алуу комиссиясынын электрондук дареги: kyrgyzkazyna@gmail.com
Эскертүү: талапкер авторлор kyrgyzkazyna@gmail.com дарегине чыгармалары менен бирге паспортунун көчүрмөсүн жөнөтүүгө тийиш.
Сыйлыктын жеңүүчүсүнө Зайырбек Ажыматов атындагы төш белги, диплом жана 100 миң сом ыйгарылат.

Аталган сыйлыктын туруктуу уюштуруучулары “Роза Отунбаеванын демилгелери” Эл аралык фонду жана “РухЭш” сайты.