Күн өткөн сайын коомдо кызыктай жагдайлар орун алууда. Бул деген бир эле жөнөкөй жарандар арасында эмес, өздөрүн «элита» эсептегендер арасында болууда.

Айтайын дегеним, ушундай олуттуу жагдайлар турганда, бир ууч депутаттар кайберендерге санаа тартып, аларды коргоо керек экенин айтып чыкты. Бул маселени былтыр кабыргасынан коюп, чет элдиктер келип аттып кетип жатат дешип, мораторий  киргизип, укмуш резонанс жараттып, ЖКда талкууланган. Анан жыл айланбай бул маселени көтөрүп, карай берүүнүн эмне кажети бар. Буга чейин да сейрек кездешүүчү жаныбарларды коргоо боюнча мыйзам долбоору талкууга алынып, менда өз пикиримди билдирген элем. Ал мыйзам кабыл алынса керек деп ойлогом.

Бирок, бул макаланы окуп таң калдым. ЖКнын депутаттары кайра-кайра бир мыйзамды жазгыдай өлкөдө башка маселе жокбу? Же бул мыйзамдын артында жеке кызыкчылыктары барбы депутаттардын? Бул да болсо шайлоонун жакындап шамалы, эпкини келе жатканынан кабар берет. Эжелеп, эки сөздү араң окуп, анысы да чет өлкөнүн мыйзамдарын которуп жазып, уят болушса да чиркин, булар кыпындай шек алдырбай отура беришет өңдүү.  Тоо ташта өз оокатын өткөрүп жаткан кайберендерге тийишпей, свалкада жашап жаткан элдин абалын карабайбы. Карантинде көпчүлүк аттуу баштуулар барып, элдин абалын көрүп шок болушкан. Жылуу жумшак, салкын жерде отуруп, орус оюндагысын кылбай, эл аралап , элге пайда берчү мыйзам качан жазылат?  ЖК да өткөн жыйында, эл көзүнчө айтышымыш болуп, тил менен иштеп , иш жүзүндө өздөрүн көрсөтө албаган соң, шайлоого жакын эл көзүнө көрүнүп калуунун айла амалын издеп жатышат.

 Атың чыкпаса жер өрттө деген. Ар кайсы сандырак ой менен элдин башын айлантып, баягыдай акча менен добуш сатып алуу бул ирет болбойт. Анткени эл жакшы билип калды. Талаалап, жакындарынан алыс жүрүп жан баккан эл эми силердин жеңил пиарыңарга алданбайт. Үч төрт күн мурдараак, жыйынга келбеген депутаттардын ордуна башкалары баскычты басып добуш берип жатасыңар. Эл деген баарын көрүп, билип байкап турат тилекке каршы. Силердин тарабыңарга айтылган сын сөздөргө так секирип териктиңер.

Бирок, калк айтса калп айтпайт да, ар кандай тузу жок сөз сүйлөп өзүңөр далилдеп жатасыңар ким экениңерди. Элге кылган жакшылыгыңар болсун, күндө күлкү шылдың болбой, акылдуу, илимдүү, билимдүү иш билги өлкөнү көтөрүп кетчү адамдарга ордуңарды бошотуп берип, сооп иш кылгыла. Ушунча жыл жеп ичип, бизнесиңерди коргоп, өркүндөтүп алдыңар болот ошол. Карантинде эл карайлап жатканда, спирттен тартып, ун азыктарын бетиңерди былтыйтып эки эссе кымбат сатыңар. Ошол ундун, спирт заводунун ээлери араңарда отурат ак карга болуп. Эл көзүнчө бирди айтып, эшикке чыгып өз билгениңерди кылдыңар.