ЕАЭБтин бажы аймагына товарларды жана транспорт каражаттарын мыйзамсыз ташып кирүү фактыларын табуу жана аларга бөгөт коюу боюнча жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаранын жыйынтыгында, “Түштүк-Батыш” бажысынын кызматкерлери Ноокат районуна караштуу Үч-Бай айылында “К. уулу Т.”, аттуу Кыргыз Республикасынын жаранынын башкаруусундагы “Volvo” үлгүсүндөгү таранспорт каражатын чиркегичи менен токтотуп текшеришкен.

Мамлекеттик бажы кызматы билдиргендей, жогоруда көрсөтүлгөн транспорт каражатынын жүк бөлүгүн текшерген учурда Кыргыз Республикасына чектеш мамлекеттен мыйзамсыз ташылып келе жаткан жалпы салмагы 11400 кг, кургатылган жемиштер табылган.

Кармалган товардын орточо базар баасы 582000 сомду түзөт.

Мындан сырткары, Ыкчам бажынын кызматкерлери КРдин Чек ара кызматынын жана КРӨгө караштуу Экономикалык кылмышка каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери менен биргеликте, Баткен областындагы “Жаштык” байкоочу постуна жакын жерде, ЕАЭБтин бажы аймагынан Республика Таджикистандын аймагына мыйзамсыз товар чыгарууга аракет жасоо маалында “С.Р”, аттуу КРдин жаранынын башкаруусундагы “Мерседес-Бенс” үлгүсүндөгү транспорт каражаты токтотулуп текшерүүгө алынган.

Жогоруда көрсөтүлгөн транспорт каражатынын жүк бөлүгүн текшерген учурда, дары-дармек каражаттары жана алкоголдук продукциялар табылган.  Айдоочуну токтоткон учурда ЕАЭБтин аймагынан чыгарылып бара жаткан товарлар мыйзамдуу экенин тастыктаган бир дагы документ көрсөтө алган эмес. Кармалган товардын орточо базар баасы 500000 сомдон ашуун.

Бул фактылар Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, матералдар тергөөгө караштуулугу боюнча өткөрүлүп берилди.