2-июнь күнү Өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Узарбек Жылкыбаев Кара- Кулжа районундагы аз камсыз болгон балдардан кабар алды. Бул тууралуу өкүлчүлүктүн маалымат кызматынан билдиришти.

Бир катар энелерге президенттин жарлыгы менен жакында келген “Баатыр эне” төш белгисин тапшырды. Облус башчысы алыскы Алайку зонасындагы баатыр эненин кайрылуусу боюнча жерине барып көрүп, таанышты. балдарга белек, азык-түлүк, акчалай белек алып барды. Келгенбаева Атыргүл 9 баланын энеси, 9-баласы 1,5 айлык. Социалдык тармакта баатыр эне, балдарына эч кандай жөлөк пул албай турганы, сүйүнчү пул ала электиги айтылган. Өкмөт өкүлү Узарбек Жылкыбаев буга чейин тактоо боюнча тийиштүү тармакка тапшырма берген эле.

Атыргүл айым, 2019-жылга чейин Кара-Кулжа районунун Ой-Тал айыл аймагындагы каттоосу боюнча, тоолуу аймак болгондуктан, 1,5 коэффициенти менен жөлөк пул алып келген. Бирок, алар учурда үй бүлөөсү менен райондун борборуна көчүп келген соң, аталган айыл аймактан каттоодон чыгып, райондун борборунан кайрадан каттоого туруп, документ тапшырып, жөлөк алуу зарылдыгы чыккан. Аталган үй бүлөө бул ишти тереңинен түшүнбөгөн үчүн жана Ой- Талга жайлоого чыккан үчүн макул эмес болгон. Райондун акими Пиримберди Дыйканов да материалдык жардам берип, тийиштүү тармак менен тактап, документтери аныкталган.

Кенже перзентине сүйүнчү акчасы да келген. “Райондук социалдык кызматкерлердин шалаакылыгынан жөнөкөй жарандар, эл кыйналбашы керек” деп белгилеген облус башчысы жергиликтүү бийликке жана социалдык коргоо бөлүмүнүн кызматкерлерине район борборунда убактылуу жашоочу катары эсептеп, өз айыл өкмөтүнөн кайрадан 9 баласына тең жөлөк пул чегерүү ишин колго алуу тапшырмасын берди.

Аталган үй бүлөө башчысы Медер мырза да жарандардын кайрылуусун жоопсуз калтырбай жардам берип, балдар күнүндө белек- бечкек менен келген Узарбек Жылкыбаевге ыраазычылык билдирди. Облус башчысы, кандай маселе болсо, карылуу үчүн жеке телефон номерин калтырды. Буга чейин министр Улукбек Кочкоров да чечилери тууралуу билдирүү тараткан.