Сохко коридор ачуу бул жөн гана сохтуктардын кыялы. Биз ага жол бербейбиз. Анткени, Кыргызстандын жеринин асты да, үстү да биздин менчигибиз. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Таабалды Тиллаев жергиликтүү булакка маек учурунда билдирди.

-Таабалды мырза, кыргыз-өзбек, кыргыз-тажик чек аралары бүгүнкү күнгө чейин такталбай, чыр-чатактар токтобой келет. Бул маселени чечүүгө биздин жетекчилерге эмне жетишпей жатат деп ойлойсуз?

-Биринчиден, биздин өкмөттүн жетекчилери чечкиндүү болбой, тиешелүү органдар өз жумушун так аткара албай жатат. 30 жылдан бери топтолгон бул маселенин төркүнү баарыбызга эле маалым болуп калды. Ар кандай чыр-чатактардын чыгып кетишин билип туруп алдын албай жаткандай сезилип жатат. Анан дагы ачыктыктын жоктугу жергиликтүү тургундардын арасында түрдүү ойлорду жаратууда. Мындан сырткары, өкмөт маалымат айдыңында утулуп жатат. Өзбекстандын премьер-министри Сохто эл менен жолукканда Сох-Риштан жолу ачылат деп айтты. Бирок, ЕАЭБдин талабы боюнча эл аралык статусу жок ал постту биз ача албайбыз. Муну кыргыз өкмөтү так, кесе айтып чыгышы керек болчу.

-Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов Сохтун тургундары менен жолукканда коридор маселеси көтөрүлүптүр. Буга сиздин оюңуз кандай?

-Ал сөздү мен да уктум. Мындай пикирди Сохто жашаган өзбек жарандарынын бири сунуш катары айтыптыр. Арипов мырза аны карап көрүү убадасын бериптир. Бул жөн гана сохтуктардын кыялы. Биз ага жол бербейбиз. Анткени, Кыргызстандын жеринин асты да, үстү да биздин менчигибиз. Ал эми кайсы жерден пост ачуу биздин өз ишибиз. Канткен менен коңшулаш эл ынтымактуу жашашы керек. Анан дагы Сох Кыргызстандын ичинде жайгашкан анклав экенин эч ким унутпасын.

Булак: NazarNews.kg