Европада алгачкылардан болуп Черногория өлкөсү коронавирус пандемиясынын аякташын жар салды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.
Маалыматка ылайык, Черногория өлкөсүндө акыркы 28 күндөн бери коронавирус илдети катталган эмес. Ал эми илдетти жуктуруп алган бейтаптардын бардыгы айыгып чыккан. Аталган өлкө 2-июнда коронавирус пандемиясын жеңип чыккандыгын расмий түрдө билдиришти. Өлкө президенти май айынын башында эле Черногория COVID-19 пандемиясын жеңип чыккан Европадагы биринчи өлкө болгондугун айтып чыккан эле.
Бийлик театр, кино тармагынын ишмердүүлүгүнө жана үйлөнүү үлпөт тойлорун өткөрүүгө уруксат берген. Бирок иш-чарага 200дөн ашык адам катышууга болбойт.
Черногорияда коронавирус илдетин жалпы 324 киши жуктуруп алган, алардын ичинен 9 адам каза болсо, 315и айыгып чыккан
Булак super.kg