Колумбия университетинин окумуштуулары ак чачтын түсүн калыбына келтирүүнүн жолун аныкташты. Алардын айтымында, стресстен улам келип чыккан ак чач калыбына келиши мүмкүн, деп билдирет Daily Mail.

Изилдөө учурунда эксперттер жашоодогу стрессти азайтуу чачтын агышын токтотуп эле койбостон, бул процессти артка кайтара аларын аныкташты. Чач баштапкы өңүнө келет.

Окумуштуулар белгилегендей, чачтар денедеги белоктордун зат алмашуу жолунун өзгөрүшүнөн улам пайда болот. Кортизол сыяктуу катуу стресстин таасири астында организм бөлүп чыккан гормондордун таасири чачтын агаруусуна күчтүү таасир этет. Натыйжада, адамдын жашоосунда стресс канчалык аз болсо, чачтын агаруусу ошончолук төмөн болот.
Ошондой эле, тамеки тартуу чачтын түшүшүнө таасир эткен башкы фактор. Окумуштуулар кошумчалагандай, адамдар тамеки тартса анда стресстен арылтуу ак чачты өзгөртө албайт.