Жер темирден, кычкылтектен жана кремнийден турат. Эгерде планетаны бөлө турган болсок, анда анын 32,1%ы темир, 30,1% кычкылтек, 15,1% кремний жана 13,9% магний экендигин байкаар элек. Ошол эле учурда жердин чоң бөлүгү дээрлик жердин ядросунда турат – 88%.

• Жер кыртышынын 70%ын суу түзөт. Ошондон улам алгач ирет Жерди космостон байкашкан адамдар ага Көгүлтүр планета деген кошумча ат беришкен. Калган 30%ын калыңдыгы 35-45 км түзгөн континенталдык кыртыш ээлейт.

• Жер атмосферасы 10 миң километрге чейин созулат. Ал өз кезегинде тропосфера, стратосфера, мезосфера, термосфера жана экзосфера өңдүү бир нече кыртыштардан турат.

• Жер ядросундагы алтындын өлчөмү бүтүндөй планетаны 45 сантиметрге чейин алтын менен каптап чыгууга жетет.

• Жер шарына күнүнө 8,6 миллион ирет чагылган түшөт.

• Илимий маалыматтарга таянсак Жер 4,54 миллиард жыл, ал эми андагы жашоо божол менен 4,25 миллиард жыл илгери пайда болгон.

• Дүйнөлүк океан планетабыздын үстүңкү кыртышынын 70,8%ын ээлейт. Бардык тирүү организмдер үчүн зарыл болгон суу Жер шарынан бөлөк бизге белгилүү болгон бир дагы планетанын үстүңкү кыртышынан орун алган эмес.

• Эгерде дүйнөлүк океандагы сууну тең бөлүштүрө турган болсо, анда ал бүтүндөй жер бетин ээлеп, 2,7 км тереңдикте болмок. Ошого карабастан, Жердеги болгон суун көлөмүнүн болгону 2,5% гана ичүүгө жарактуу, калганы туздуу болуп эсептелет.