Ишендире алсаңар ишенмекпиз

Учурда Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Ариповдун Чашма айылында сүйлөгөн сөзү кызуу талкууга түшүп, унчукпас депутаттарды да сүйлөөгө мажбур кылды. Анын айткан сөзүнүн маанисин, чын-төгүнүн талдоо өзүнчө иш. Бирок өз кызыкчылыгын жогору коюу, эл менен сүйлөшө билүү, ишендирүү деген жагынан мыкты экенин көрсөттү. “Азыр мени укпасаңар, микрофонду башкага карматып басып кетем”,-деп элди тынчытып, угузуп, сүйлөй баштады. Кыргыздын кечирим сураганынан баштап, биз макул болушубуз өтө кыйын болгон коридор боюнча да сүйлөшүүлөрдү жүргүзөбүз деп убадалап койду. Кайсы премьер-министр силерге басып келди эле? Кыргызстан менен Ош-Андижан аркылуу да сүйлөшүп койсок болмок… Жакында президент да Ферганага келет…” деген өңдүү сөздөрү менен бийлик эл тарапта экенин сездирип, “духтан берип койду”. Бир жолу мурдагы вице-премьер-министр Жеңиш Разаков Баткендеги чек ара чырынан кийин барганда эл укмак тургай ага каршы чыгып, ошол жердеги аскердик бөлүктүн имаратына бекинүүгө аргасыз калган. Акрам Мадумаров дипломатиянын тилин жакшы билсе керек, балким. Бирок ошол чек арада жашагандардын ал тууралуу пикири мурунку бойдон эле. “Бул жер – талаш жер” деген сөзү эле чек арада жашаган, чек араны билген жана көп эле кыргызстандыктын көңүлүн сууткан. Ошондо: “Жергиликтүүлөр бул жерде ата-бабабыз жашаган, биз жердеп келгенбиз, эми кошуна өлкөнүн жарандары талашып баштады”,-деп айтып жатышат. Биз мурда ээлик кылган жерибизди өзүбүзгө алуу үчүн колдон келген аракетти кылабыз. Кандай чечим кабыл алсак да, силер менен кеңешип, силерге ыңгайлуу кылууну көздөйбүз. Анткени бул жердин чыныгы ээси силерсиңер. Ошол үчүн да кыйынчылыкка карабай, ар кандай оор сыноолорду жеңип, жашап келе жатасыңар. Биз өзүбүздүн милдетибизди аткара албай калып жатабыз. Эми алдыда мунун баарын чечүүгө колдон келген аракетти кылабыз”-деген сөздөрдү сүйлөсө, жергиликтүү эл аз да болсо өзүн керектүү сезип, жок дегенде көңүл жылып калмак. Биз протокол деп тартынып атканыбыз менен эки кошунабыз тең кээде аны уруп ойнобой эле, элине жагымдуу жагын тандап жатышпайбы. Ошого мектептеги тартиптүү баладай боло бербей, айрым учурда айбат көрсөтүп, саясат кылып, элге дем берип турган деле оң окшойт деп калдым. Анткени ал жерлерди аскерлерге караганда жашоочулар бекем коргойт. Ал эми мыйзамдуулукту сактоо, тактоо ишин эки жактуу жүргүзүү, албетте, эске алына турган жагдай.

Түмөнбай Абдинаби Уулу