Жаза аткаруу боюнча мамлекеттик кызматы (ЖАМК) «№1 тергөө абагында отурган Даниел Ажиев кыйноого кабылып жатат» деген маалыматтарды төгүндөдү.

Мекеменин билдирүүсүндө Ажиевге карата эч кандай басым-кысым колдонулбаганын, ал өзүнүн суранычы менен бир камерада жалгыз отурганын кабарлады. ЖАМК Ажиевдин адвокаттарынан жалган маалыматтарды таратууну токтотушун талап кылган.

Буга чейин жергиликтүү ЖМКда Даниел Ажиевдин адвокаттары анын тергөө абагында кыйноого алынганын айтып чыгышкан.

Ажиев быйыл март айында «Инстаграмдагы» баракчасына видео жарыялап, колунда жокторго жардам көрсөтүп жатканын сындагандарга нааразы болуп сөгүнгөндөн кийин Жазык кодексинин 313-беренеси («Расалык, улуттук, диний же аймак аралык кастыкты (араздашууну) козутуу») боюнча шектүү катары кармалган.