4-июнга карата бир сутка ичинде ооруканадан чыгарылгандардын саны 27 бейтап. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев өкмөт үйүндөгү брифинг учурунда билдирди.

Бишкек ш. – 24
Ош облусу – 1
Баткен облусу – 2

Республика боюнча жалпы 1292 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды.

2020-жылдын 4-июнуна карата республика боюнча СOVID-19 инфекциясынын жаңы 28 учур катталды:

Бишкек ш. – 15
Нарын облусу – 1
Ош ш. – 4
Ош облусу – 6
Чуй облусу – 1
Ысык-Көл облусу – 1

Республика боюнча: 1899