Жорж Флойдду өлтүргөн Миннеаполис шаарынын мурдагы полиция кызматкери Дерек Чавенге оор айып тагылды. Мындан сырткары, прокуратура Жоржду кармоого катышкан үч полиция кызматкерин дагы айыптоодо.

Жарыяланган соттук документтер боюнча Чавенге экинчи даражадагы киши өлтүрүү боюнча жаңы айыптоолор тагылууда. Алгач Дерек Чавенге үчүнчү даражадагы киши өлтүрүү, башкача айтканда капысынан адам өлтүрүп алуу деген кине коюлса, кармоо иштерине катышкан үч полиция кызматкерине эч кандай кине коюлган эмес, бирок полиция кызматынан бошотулушкан.

Ошентип, учурда Флойддун өлүмү боюнча айыпталып жаткандардын саны төрт адамга жетти. Рейтер маалымат агенттигинин маалыматы боюнча штат прокурору калган үч полицияны камоо боюнча ордерге кол койгон. Ал эми Дерек Чавен өткөн жуманын аягынан бери камакта отурат.