4-июнга карата бир сутка ичинде коронавирус илдетин жуктуруп алган жаңы 28 бейтап аныкталган. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев өкмөт үйүндөгү брифинг учурунда билдирди.

“Бүгүнкү күндө COVID-19 вирусунун жаңы 28 учуру катталды. Алардын бири четтен келген жарандан табылса, 20сы медициналык көзөмөлдө тургандардан аныкталды. Ал эми, калган 7 учурдун жугузуп алган булагы табыла элек”, — Саламаттык сактоо министринин орун басары
Н.Усенбаев.