Корея мамлекети менен жүргүзүлгөн сүйлөшүүлөрдүн негизинде Кыргызстанга 2 ПЧР – аппараты керектүү медициналык каражаттар менен биргеликте алынып келинди. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Усенбаев билдирди.

Анын бирөөсүн Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарына орнотуп, жайкы туристтик эс алуу учурунда толук кандуу иштей турган лаборатория уюштурулмакчы.

«Сырттан келген медициналык аппараттардын жардамы менен лабораториялардын потенциалын күчөтүү иштери жана эпидемияга каршы иш-чаралар улантылып жатат”, — деп билдирди Нурболот Усенбаев.