Бүгүн, 4-июндагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Жыргалбек Турускулов бардык соода жүгүртүүнү улуттук валютада жүргүзүүнү камсыздаган Өкмөттүн токтому чыкканын эске салып, бирок көзөмөлдүн жоктугунан чечим толук аткарылбай жатканына токтолду. «Андыктан, Өкмөт бул жаатта алгылыктуу аракеттерди көрүшү керек. Доллардын куну жогорулап, калкка оорчулук жаралууда. Мында коңшу өлкөлөрдүн да тажрыйбасына да көңүл бурсак», — деди.

Ал депутат Максат Сабиров Россиянын жана башка мамлекеттердин ири шаарларындагы жогорку окуу жайларында окуган студенттер каникулга чыгып, бирок Кыргызстанга кайта албай жатканын кошумчалады.

«Муну менен катар келишим менен иш алып барган аскерлер иш сапары менен Россияга кетип, пандемияга байланыштуу өлкөгө кире албай жатышыптыр. Андыктан, маселени ыкчамдатып чечүү зарыл» — деди депутат.

Андан тышкары депутат Алмазбек Баатырбеков Нарын шаарында 3-июнда катталган кыян тууралуу маселени көтөрүп,  жабыркаган үйлөрдүн көпчүлүгү камсыздалбагандыгын белгилөө менен:

«Өкмөт эл аралык донорлордун же башка каржы булактарынын көмөгү менен жабыркагандарга жардам берүүнү колго алышы керек. Азыр да ал жакта абал курч экени айтылууда. Тоодон таштар тоголонуп, кыян кайра кайталанышы мүмкүндүгү болжолдонуп жаткан экен. Андыктан табияты катаал аймактагы абалды Өкмөт өз көзөмөлүнө алышы шарт», — деди.