Бүгүн, 4-июндагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Таабалды Тиллаев 5-июндан баштап бала бакчалар ачыла турганына токтолуп:

«Бирок жергиликтүү бийлик жетекчилери ата-энелерди чогултуп, балдарды коронавирус илдетин аныктоо боюнча тесттен өткөрүүнү талап кылып жатышыптыр. Бул туура эмес. Анткени, ансыз да толук кандуу иштей албай жаткан жарандарыбыз, 2000 миң сомдон жогору турган тесттен кантип өтөт?» — деди.  

Ал эми депутат Талайбек Масабиров Бишкек шаарынын түштүгүндөгү Аламүдүн районуна караган айылдардагы таза суу маселесин көтөрүп:

«Алсак, Воронцовка, Таш-Булак айылдарынын тургундар таза сууну суу ташыган унаалар менен ташып ичип жатышат. Жергиликтүү бийлик жетекчилери маселени карап кетишкени менен көйгөй дале чечиле элек экен. Аймактарды өнүктүрүү жылынын алкагында мындай жагдайдын жаралышы туура эмес», — деди.   

Ошондой эле депутат Мирлан Бакиров Бишкек шаарынын мериясына кайрылып: «1-июнь — Балдарды коргоонун эл аралык күнү белгиленди. Бирок балдарга карата камкордук майрамдарда гана көрүлүп жатканы өкүндүрөт. Алсак, жаш өспүрүмдөр гимнастика менен машыккан Бишкек шаарындагы атайын жай күрөш менен алектенгендерге берилип кетиптир. Андыктан, бул жайды кайра гимнастика менен машыккан бөбөктөрүбүзгө кайтаруу зарыл» — деди.