Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 4-июнда, өлкө аймактарынын жетекчилери, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлери менен видеоконференция форматында жыйын өткөрүп жатат. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматынан билдиришти.

Аймактар менен санарип диалогдун максаты — өлкөнү санариптештирүү жана аймактарды өнүктүрүүнүн актуалдуу маселелерин жана ошондой эле аймактардагы коронавирус инфекциясы менен күрөшүү боюнча чараларды талкуулоо.

Жыйында Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы Дастан Догоевдин коронавирус инфекциясынын жайылуу шарттарында алдыңкы санарип технологиялардын ролу жана мүмкүнчүлүктөрү жана Кыргыз Республикасынын билим берүү, илим министри Каныбек Исаковдун аралыктан окутуу формасынын келечеги жана кемчиликтери жөнүндө презентациялары болот.

Аймактардын жетекчилери, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлери өлкөнүн санариптик трансформациясы мамлекеттик саясатынын алкагындагы аймактарда иш-чаралардын жүзөгө ашырылышы жана коронавирус инфекциясынын жайылуусунун жер-жерлердеги кесепеттери менен күрөшүү боюнча көрүлүп жаткан чаралар тууралуу маалымат беришет.