Беларустун президенти Александр Лукашенко учурдагы өкмөттү отставкага кетирүү чечимин кабыл алды.

Маалыматты президенттин басма сөз кызматы тастыктады. Алар мамлекет башчысынын тиешелүү жарлыгы расмий жарыялангандан кийин күчүнө кирет деп белгилешти.

Маалым болгондой, кечээ,3-июнда президент менен жолугушууда өкмөттүн жаңы курамын түзүү боюнча сунуштар талкууланган. Иш-чарага Республика Кеңешинин Төрагасы Наталья Кочанова, Өкүлдөр палатасынын Төрагасы Владимир Андрейченко, Президенттин Администрациясынын башчысы Игорь Серенкоенко жана Коопсуздук Кеңешинин катчысы Андрей Равков катышты.

Анда, өкмөттүн учурдагы курамы олуттуу талдоого алынган, аткаруу бийлигиндеги айрым кызмат орундарына жаңы талапкерлер лидердин кароосуна сунушталган.

Лукашенконун өзү өкмөттүн учурдагы курамына  эч кандай даттануулары жок экендигин белгиледи. Ошентсе да, башкаруу боюнча жаңы чечимдер вертикалдуу — бул учурдун чакырыктарына өз убагында жооп болуп саналат.

Маалым болгондой, Беларуссиядагы президенттик шайлоо 2020-жылдын 9-августуна белгиленген.