Өкмөттүн чечимине ылайык, 5-июндан тарта үзгүлтүксүз ички каттамдар кайрадан жандандырылат, аларды «Тез Жет» авиакомпаниясы ишке ашырат. Бул тууралуу Жарандык авиация агенттигинин директору Курманбек Акышев билдирди.

«Каттамдар алгач бир жумада төрт жолу, кийинчерээк күнүнө бир жолу ишке ашырылышы пландалууда. Бирок, авиакомпания 8-июндан баштап каттамдарын ишке киргизери күтүлүүдө”, — деп билдирди Курманбек Акышев.

Ал белгилегендей, «Манас», «Ош» жана «Ысык-Көл» эл аралык аэропорттору үзгүлтүксүз ички каттамдарды ачууга даяр.