Бүгүн, 4-июндагы Жогорку Кеңешинин жыйынында Жамиль Шаршеналиев Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын судьялык кызмат ордуна шайланып, ант берди.

Белгилей кетсек, 2-июндагы Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин жыйынында аталган кызматка Жамиль Шаршеналиевдин талапкерлиги каралып, жактырылган.