Үй карантининдегилерди көзөмөлдөө үчүн алардын бардыгынын уюлдук телефонуна мобилдик тиркеме жүктөлүшү керек. Мындай тапшырманы тармактык мамлекеттик органдарга Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов Республикалык ыкчам штабдын жыйынында берди.

Муну менен катар биринчи вице-премьер-министр карантиндик эрежелерди эске алуу менен туристтик сезонго даярдыкты күчөтүүнү тапшырды.

«Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү жана башка жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары туристтик сезонго дыкат даярдык көрүүгө тийиш. Даярдык иштери вирустун жайылышын алдын алуу чаралары менен коштолууга тийиш. Бул багыттагы иш-аракеттердин алгоритми иштелип чыгышы зарыл», — деди Кубатбек Боронов.

Ошондой эле кийинки жумадан баштап иштей турган диний мекемелер – мечит, чиркөө жана намазканаларда санитардык нормаларды жана адамдар ортосундагы аралыкты сактоону камсыз кылуу үчүн Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгы менен биргеликте тийиштүү эпидемиологиялык талаптарды аткаруу тартибин иштеп чыгуу милдеттендирилди.

Кубатбек Боронов жергиликтүү бийлик органдарына 5-июндан тарта аймактар аралык коомдук транспорттун иши жанданарын эске салып, бир облустан экинчи аймакка өтүп жаткан ар бир жүргүнчүнү катуу көзөмөлгө алуу керектигин кошумчалады.

«Вирустун жайылышын алдын алуу үчүн башка облустарга кирип жаткан жарандарды көзөмөлдөө иши күчөтүлгөн тартип жүргүзүлүүгө тийиш. Ошондуктан жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тармактык мамлекеттик органдар менен биргеликте аймактарга барып жаткан ар бир жаранды тизмектеп, телефон номерлери жазыла турган китепче ачуу керек», -деди биринчи вице-премьер-министр.