Телефонго  кошумча программалык камсыздоонун кирип калганы аппараттын тыңшоодо тургандыгынан кабар берет. Бул тууралуу TelecomDaily маалымат-аналитикалык агенттигинин жетекчиси Денис Кусковдун айтканына таянуу менен РИА Новости жазып чыкты.

Анын айтымында, уюлдук аппарат өзүнөн өзү өчүп-күйүп,  кубаттуулугу бат түгөнө бергенинен байкаса болот.

Адис белгилегендей, тыңшоочу аппараттын түрлөрү көп, аларды легалдуу жана легалдуу эмес деп бөлүүгө болот. Бирок муну билүү оңой иш эмес, ал үчүн кымбат аппарат керектелет. Айрым учурда, телефон менен сүйлөшүп жаткан мезгилде ашыкча ар кандай чуулдаган үндөр угулуп, байланыш тунук болбойт.