Жалпы мамлекеттик жана жеке бала бакчаларынын кызматкерлерине массалык түрдө COVID-19 вирусуна скрининг жүргүзүлөт. Бул тууралуу Республикалык штаб билдирет.
-Жетекчилик тарабынан кызматкерлердин тизмеси акимияттарга жиберилгенден кийин, мобилдик топтор график боюнча жумуш ордуларынан анализ алышат.

— Ата- энелер үйдөн балдарга өздүк гигиенаны, социалдык аралыкты сактоону үйрөтүп, балдарды беткап менен камсыздап, аны туура тагынууну үйрөтүүсү зарыл.

-Шаардык эпидемияга жана эпизоотикага каршы комиссиясы тарабынан төмөнкү долбоорлор даярдалды:
-Мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин убактылуу ишмердүүлүгүнүн регламенти
— Мектепке чейинки билим берүү мекемелеринде билим алган балдардын ата-энелери толтуруучу анкета.
-Мектепке чейинки билим берүү мекемелерине барганда өз баласынын ден соолугун камсыз кылуу боюнча ата-эненин милдеттенмесинин формасы.
Долбоорлор мамлекеттик органдар менен макулдашылат жана менчигинин түрүнө карабастан Бишкек шаарынын аймагындагы бардык мектепке чейинки билим берүү уюмдары тарабынан аткарылууга тийиш.

Белгилеп кетсек, борборубузда 87 муниципалдык бала бакча, 13 ведомстволук жана 218 жеке бала бакча бар.
Мэриянын жүргүзгөн мониторингине ылайык, жай мезгилинде бала бакчага 6000ге жакын бала барат жана 1600 кызматкер ишке тартылат.