Newsmax телеканалына берген маегинде АКШ президенти Дональд Трамп көптөн бери Си Цзиньпин менен сүйлөшө электигин билдирген.

Оорууну башталгыч этабында ооздуктап калбагандыгы үчүн Трамп дале болсо Кытайды коронавирустун жайылышы үчүн күнөөлүү деп эсептейт. Ошого карабастан, Си Цзипиньге каршы жекече санкцияларды киргизүү маселеси азырынча карала электигин белгилеп өткөн.

Ошондой эле АКШ Президенти Кытай менен болгон соода-сатык мамилелери тууралуу айтып келип, киргизилген америкалык санкциялардан улам өткөн жыл Кытай экономикасы үчүн акыркы 67 жыл ичиндеги эң жагымсыз жыл болгондугун, бирок ошого карабастан эки өлкө ортосунда соода-сатык боюнча макулдашууга кол коюлганын жана ал буга чейин болуп көрбөгөндөй «тарыхый мааниге ээ экендигин» кошумчалаган.