«Бардык региондордо «Санарип Аймак» долбоорун ишке ашыруу жана аны 2020 жылдын 1-декабрына чейин „Түндүк“ системасы менен интеграциялоону аягына чыгаруу талап кылынат», — деп баса белгиледи Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 4-июнда өлкө аймактарынын жетекчилери, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлери менен санарип диалог учурунда.

Мамлекет башчысы «Санарип аймак» платформасын бардык региондорго киргизүүнүн максаты — жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин толугу менен автоматташтыруу жана электрондук форматта муниципалдык кызмат көрсөтүү экенин белгиледи. Бул региондордо бюрократияны кыскартып, жер-жерлерде сапаттуу башкаруучулук чечимдерди кабыл алууга жардам берет.

Мындан тышкары, санарип форматына өтө элек мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдү 2020-жылдын аягына чейин электрондук түргө өткөрүп, ишке киргизүү зарыл.

«Электрондук коммерцияны өнүктүрүү максатында мобилдик төлөмдөрдү жана башка инновациялык ыкмаларды өнүктүрүү үчүн коммуникациялык жана финансылык секторлордун интеграциясын тездетүү зарыл. Өзгөчө көңүл бурууну талап кылган долбоор — санарип инфраструктураны өнүктүрүү үчүн жылдын аягына чейин бирдиктүү санарип дата борборун куруу. Аталган долбоорду ишке ашыруу бул багыттагы эң чоң максатыбыз катары бааланышы керек. Аны менен катар заманбап IT-адистерди даярдоо максатында Жогорку технологиялар паркынын дараметин мындан ары жогорулатуу зарыл», — деп белгиледи Президент.

Ал социалдык дистанцияны сактоону жана бизнестин жаңы шарттарда иштөөсүн камсыз кылуу, мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү үзгүлтүккө учуратпоо үчүн санарип технологияларды кеңири колдонууну активдештирүү милдети жаралганын баса бегиледи.

Ал заманбап жана ыкчам интернет технологияларын киргизүү менен, калкты массалык түрдө окутуу практикасы улантыларын билдирди.

«Айыл өкмөттөрдү техникалык жабдууга, ар бир аймактык мекемеге сапаттуу интернет киргизүүгө жана ар бир айыл өкмөттүн чарба китептерин санариптештирүүгө бардык күчтү жумшоо зарыл. Ошондой эле, муниципалдык кызматчылардын санарип сабаттуулугун жогорулатуу маанилүү. Санарип технологияларын колдонуу менен ар бир облуста бир нече стартап бизнес-долбоорлорун ишке киргизүү милдети коюлат», — деп айтты Сооронбай Жээнбеков.

Мамлекет башчысы экономикалык карым-катнаштарды толук санариптештирүү маанисин баса белгиледи.

«Бул мезгилдин талабы. Ал үчүн жаңы технологияларды кеңири колдонуу менен ишкерлер үчүн ыңгайлуу эрежелер иштелип чыгып, онлайн кызмат көрсөтүүлөрдү күчөтүү зарыл. Салык жол-жоболору электрондук жана дистанттык түргө толук бойдон өтөт. Азыркы учурда текшерүүлөргө мораторий киргизилген. Бул мораторий аяктаганга чейин текшерүүлөрдү толугу менен электрондук форматка өткөрүү милдети коюлган. Лицензиялар жана уруксат кагаздарын берүү — толук автоматташтырылат. Бул адам факторун, коррупциялык көрүнүштөрдү жоёт», — деп баса белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Президент ошондой эле дистанттык билим берүүнү толук кандуу киргизүү үчүн жаңыланган окуу программалары менен катар керектүү жабдуулар жана техникалар талап кылынарын белгиледи.

«Жергиликтүү бийлик „онлайн бала бакча“ жана „онлайн мектеп“ долбоорлорун ишке киргизүүнү толук колдоого милдеттүү. Министрликтин кылган аракеттери — тоолуу жана чек ара аймактарында натыйжалуу болушу үчүн бул жерлерге сапатуу интернетти жеткирүү жана кыргыз телеберүүлөрүн жеткиликтүү кылуу зарыл. Муну жергиликтүү эмес, мамлекеттик маанидеги маселе катары баалоо керек», — деп баса белгиледи Президент Сооронбай Жээнбеков.