Блогер Эльмир Сыдыман кармалып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынаары менен эле, интернет маалыматтарынын негизинде КР Акыйкатчысы Токон Мамытов бул ишти өз көзөмөлүнө алып, Акыйкатчы аппаратынын кызматкерин Бишкек ШИИББ Убактылуу кармоочу жайына жөнөткөн эле.

Акыйкатчынын өкүлү бир нече жолу убактылуу кармоочу жайга барып, Эльмир Сыдыманов менен жолугушуп, ага укуктук консультацияларды берген. Бул тууралуу бүгүн, 4-июнда Акыйкатчы институтунун маалымат кызматынан билдирди.

Убактылуу кармоочу жайга барып жолугуп келгенден кийин КР Акыйкатчысынын өкүлү блогердин адвокаты менен да сүйлөшүп, Эльмир Сыдымановдун апасы М.Молдомусаева да КР Акыйкатчысына келип жолугуп, арызын калтырып кеткен. Кийинчерээк, Эльмир Сыдымановдун баш коргоо чарасы үй камагына алмаштырылгандан кийин, ал буга чейин жазган арызды кароосуз калтырууну өтүнгөн.

Учурда Э.Сыдымановдун иши Бишкек шаарындагы Октябрь райондук сотунда каралууда. КР Акыйкатчысынын өкүлү Э.Сыдымановдун процессуалдык укуктары бузулбашы үчүн сот отурумуна мониторинг жүргүзөт.